Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапкери Темирлан Султанбеков Башкы прокуратурага ЖКнын экс-спикер Асылбек Жээнбековду жоопко тартуу талабы менен кайрылды. Бул тууралуу видеокайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына 28-декабрда жарыялады.
Султанбековдун айтымында, Асылбек Жээнбеков спикер болуп турганда бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, сөз ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө болуп жатат. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков баш болгон мурдагы жогорку кызматтагы адамдар соттолду.
“Мындан бир жарым жыл мурун мен Башкы прокуратурага кайрылып, Асылбек Жээнбековдун бардык мыйзам бузууларын тизмектеп берип, аны жоопко тартууну талап кылгам. Бул катка алар бир жылдай жооп бербей жүрүштү. Колумдагы кат мага жакында эле келди. Бул кат 2020-жылдын 14-октябрында жазылыптыр. Мында Асылбек Жээнбековдун иш-аракетинде кылмыш курамынын белгилери жок экендиги жана Жээнбековго карата кылмыш иши козголбой турганы жазылат”, – деди Темирлан Султанбеков.
“Дагы бир жолу белгилеп кетейин, кат 14-октябрда жазылган, ал эми 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Алар бийликтеги акыркы күнүндө да бир гана өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, кылмыштарынын изин жашырган. Бир жылдан бери жооп бербей келген Генпрокуратура дагы дароо эле жооп берди”, – деди ал.
Жаш саясатчы Асылбек Жээнбековго байланыштуу Башкы прокуратурага кайрадан кайрылуу жолдогонун билдирди.
“Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин келген Башкы прокурор канчалык деңгэлде адилеттүү болорун көрөбүз”, -деди Султанбеков.
Белгилей кетсек, Асылбек Жээнбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Президент Жээнбеков 2020-жылдын октябрь айында болгон саясий кризистен кийин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ