– 7-апрель окуясы болгондон бери тогуз жылдай убакыт артта калыптыр. Тогуз жылдан кийин кандай саясый баасын алды?
– 2010-жылдан кийин Атамбаев президент болуп, бизде стабилдүүлүк, элибизде ынтымак, биримдик орноду. Баары ойдогудай болчу. 7-апрелге жакындаганда жыл сайын эки айдай убакыт ар кандай иш-чараларды өткөрчүбүз. «Быйыл дагы иш-чараларды уюштуралы» десек бут тосуулар орун алып, терс көз караштар болуп жатат. Азыркы бийлик коомду, партияларды бөлгөндүн ордуна 7-апрелди даңазалап, жакшы иштерди жасашса колдойт элек. Бирок андай болгон жок.
– 7-апрелде шейит кеткендердин жакын адамдарынан түзүлгөн көп коомдор бар. Алардын ынтымактары кандай?
– Атамбаевдин убагында аябай жакшы ынтымактарыбыз бар болчу. Чогулуп алып аябай жакшы иштерди жасачубуз. Азыр баары жокко чыкты. Эч нерсе жасатышкан жок. Филармонияда эскерүү кечелери, жаштар үчүн 7-апрель боюнча сабактар өткөрүлчү. Анын бири жок.
– «Атамбаевсиз КСДП» деген съезд өтүп жатат. Кайра Атамбаев баштаган КСДПнын сьезди 6-апрелге пландаштырылууда. Ырк кетти го?..
– 3-апрелде болгон съезд – мыйзамсыз сьезд. Коомду бөлүп-жаруу катары санайм. Сагынбек Абдрахманов баштагандар Атамбаевди партиядан чыгаруу маселесин көтөрүп жүрүшөт. Бирок алар чыгарабы-чыгарбайбы – алардыкы жарабайт. Мыйзамсыз. Бир убакыт келип, тарых өз баасын берет. Бөлүп-жаргандар жооп берет. Ал күндөр алыс эмес.
Гүлжан Төрөбаева
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ