Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши анын төрагасын шайлады. Кеңештин маалыматына караганда, мындай чечим кечээ, 5-ноябрдагы кезексиз отурумда кабыл алынды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Кубат Болотканов Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаңы башчысы болду. Ал 2015-жылы КТРКнын директорунун орун басары болуп иштеген.
Төрагалыкка талапкер катары Тимур Алхожоев менен Кубат Болотканов көрсөтүлгөнү такталды.
Эске салсак, өлкөнүн башкы телеканалынын башкы директору кызматына сынак буга чейин жарыяланган. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 18-ноябрда саат 17.00дө аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ