Menu

Азимбек Бекназаров: Жогорку Кеңеште элдин өкүлдөрү эмес, акчанын өкүлдөрү олтурат

Бөлүшүү:

Өздөрүн элдин каймагы катары сезип алган кыргыз са­ясатчылары, (аларды эч ким каймак дебесе деле) алардын дээрлик көпчүлүгү өздөрүнүн ошол чоң саясатта канчалык «принципиалдуу» экенин коомчулукка жакшы эле көр­сөтүштү. Ошондуктанбы, «бийликтин бекем тиреги бекем принциби жок адамдардан куралат тура» деген кептер да азыркы тапта афоризимге айланып кетти. Жашырганда не, акыркы учурларда элдин чоң контингенти принци­би салфеткадан да жука андай саясатчы сөрөйлөрдү жек көрүү менен карап калышкандары эч кимге деле сыр бол­бой калды. Мындай терс баа айрыкча Кыргыз парламен­тинин учурдагы курамынын дарегине өзгөчө айтылып ке­лет. Чынында эле алар «элдин кулу болом» дешип убагында эмне деген гана убадаларды айтышпаган. Кезинде Сапар Исаков «парламентте 120 өлүк олтурат» деп ачуу айтылган салыштырмалуу пикири да турмуш чындыгына айланып баратканын башкача нукка бурууга мүмкүн эместей болуп калды. Парламент демекчи, айтылуу Азимбек Бекназаров жакында болгон «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» көрсөтүүсүнө катышып ар кыл өңүттөгү көптөгөн суро­олорго жооп берди. Журналисттер тарабынан берилген ал суроолордун арасында парламент тууралуу суроолор да суурулуп чыкты. Анда, саясатта көптү көргөн Азимбек Анаркулович жаңы Баш мыйзам боюнча бүгүнкү Жогор­ку Кеңеш болуп көрбөгөндөй өтө чоң статуска ээ экенди­гине карабай, ал тургай эл өкүлдөрү президенттикинен да чоң укукка ээ экендиктерин айтып, тилекке каршы ал укуктарды депутаттар эл үчүн эмес, көп учурда өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат деген маанайдагы пикирин айтуу менен, «азыркы парламентте элдин өкүлдөрү жок, ал жерде акчанын, бийликке жагы­нуунун өкүлдөрү олтурушат» деди. Да-аа… Бекназаровдун мындай салыштыруусу ташка тамга баскандай эле анык­тама болду окшойт.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: