Menu

Манас күнүн утурлай мамлекеттик органдарда “Манас таануу” лекцияларын окутуу пландалып жатат

Бөлүшүү:

Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо жана камкордукка алуу максатында “Манас күнүн” утурлай мамлекеттик органдарда “Манас таануу” лекциялары окулуп, эпостун чечмелениши жана учурдагы кырдаалга ылайык, “Манас” эпосунун орду тууралуу түшүндүрүү иш – чарасы уюштурп өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана манасчылар катышкан жыйында белгилүү болгонун бүгүн, 5-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш- чаранын башкы каарманы болуп Кыргызстандагы белгилүү манасчылар болуп, бекитилген графикке ылайык ишке ашат.

Баатырлык эпопея болгон чыгарма, генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн айтып берет. Андыктан, аталган иш- чара мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда өтүүсү, элди бүтүндүккө, ынтымакка жана туруктуулукка чакырып, басып өткөн тарыхыбызды даңазалап аны түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү болгондой, 4-декабрь күнү Кыргызстанда “Манас эпосунун күнү” майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

Эске салсак, Министр Нуржигит Кадырбеков менен болгон жолугушуунун алкагында “Манас” эпосуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору да талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: