Menu

Түркмөнстан «Transparency International» уюмунун коррупция тизмесинде 165-орунга жайгашты

Бөлүшүү:

Transparency International уюмунун коррупция боюнча жаңы баяндамасында Түркмөнстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунга жайгашты.

Түркмөнстан 100 баллдан 16 балл алып, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагында коррупциянын деңгээли боюнча биринчи орунду алды.

Уюм чөлкөмдөгү «авторитардык жана коррупциялашкан лидерлер» пандемия учурунда мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөөнү жана жарандык эркиндикти чектөөнү күчөтүшкөнүн белгилеген.

Баяндамада айрым саясий лидерлер кризисти бийлигин күчтөндүрүү үчүн колдонушканы, маалымат алууга чектөө киргизилип, мамлекеттик сатып алуулардын эрежелери бузулганы айтылат. Буга байланыштуу пандемия учурунда чет өлкөдөн келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө ачык-айкын болгон эмес.

Түркмөнстан жыл сайын коррупция индексинде алдыңкы орунду алып, өлкөдө жемкорлук менен күрөшүүдө жылыш байкалбай келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: