Menu

Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУну кабыл алды

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 11-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырзаны кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУ мырзага Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, билим жана маданият тармактары туурасында кыскача маалымат берди. Жалал-Абад облусунда учурда электр энергиясын иштеп чыгарууда 6 ГЭС иштеп жаткандыгын, 11 чакан дарыяларда 30га жакын чакан электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Эл аралык туризмди, мунун ичинен эко жана этнотуризм жаатындагы жылыштарга токтолду. Айрыкча деңиз деңгээлинен кыйла бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү, тоо койнуна жайгашкан кайталангыс жаңгак токойлуу Арстанбап жергеси, Саймалуу-Таш мамлекеттик коругу жана Сафед-Булон комплекси жыл сайын миңдеген чет элдик туристтерди тартаарына токтолду. Токтогул районундагы Манас, Биримкулов жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептерде билим алып жатышкан 475 окуучу кошумча француз тилин окушаарын маалымдады.

Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырза Жалал-Абад облусуна алгач келип жаткандыгына токтолуу менен табияттын кереметтүү кайталангыс кооздугу аны жана колуктусу Татьяны аябай таң калтырганын жашырган жок. Ал элчи катары дипломатиялык мамилелер менен гана чектелбестен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциялык ири компаниялар менен ишкерлерди Кыргызстанга, анын ичинде Жалал-Абад облусуна инвестицияларды тартууга кол кабыш кылаарын жашырган жок. Франциядагы калкка соода-сатык жана тейлөө жаатында кызмат көрсөтүүчү ири Auchan (Ашан) компаниясы Кыргызстанда өз тармагын жандандырууга кызыктар экендигин билдирди.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев айыл чарба азык-түлүктөрүн жана кайра иштетүү тармагында Франциялык инвесторлор менен эки тараптуу пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Эки тараптуу жолугушуу  достук жылуу маанайда жана өз ара түшүнүчүлүк кырдаалында өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: