Menu

Алмаз Мамбетов, Балыкчы шаарынын мэри: “Кытай, Түркиянын шаарлары менен кызматташууга кол койгону жатабыз”

Бөлүшүү:
– Алмаз мырза, туристтик сезон күчүнө кирди окшойт. Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун дарбазасы эмеспи. Мындай шартта келген эс алуучуларга облустун кире бериши жакшы маанай тартуулашы шарт. Бул жагынан шаардын кожоюну катары кандай камылга көргөнгө жетиштиңиз?
– Туристтик сезон эми күч ала баштады. Биздин шаар пилоттук шаарлардан болуп «Коопсуз шаар», «Жарык шаар», «Акылдуу шаар» пилоттук программасына кирип жаткандыгына байланыштуу шаарга келген туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн эң биринчи даярдыгыбыз бул – жол коопсуздугу. Жакында Балыкчы шаарынын борбордук жолунда жөө өтмөктөрдү жарыктандырдык. Себеби, түнкүсүн өткөн автоунаалар жөө адам өтүүчү өтмөктөрдү байкабай, адам сүзүп кеткен учурлар да кездешет. Ошондуктан, пилоттук программа катары борбордук жолдун үч жерине жарык берүүчү фонарлар коюлду. Түнкүсүн жөө өтмөктөрдөн өтүп баратканда үстүнөн жарык фонарлар күйүп, адам өтүп баратканы билинет. Мындай ыкма жол кырсыгын азайтат деген ойдобуз. Буюрса, дагы да шаардын ички жолдоруна мындай фонарларды орнотобуз. Түнкүсүн шаардын көркүнө да көрк кошуп турат. Мындан сырткары, коопсуздукту катуу көзөмөлгө алуу максатында шаардык ички иштер бөлүмүнүн борбордук аппаратына көзөмөлдөөчү аппаратуралар коюлууда. Көчөлөргө 84 даана видеокаттоочу камераларды орнотуу боюнча монтаж иштери жүрүп жатат. Шаардын жайкы үч эс алуучу жайлары, пляждары 30 жылдын ичинде каралбай калган. Биз булардын баарысын реконструкцияладык. Тротуарларга брусчаткалар төшөлдү, таштанды таштоочу контейнерлер орнотулду. Жол көрсөтүүчү багыттар орнотулуп, кичи архитектуралык фигуралар менен көрктөндүрүлдү. Жыл сайын Балыкчы темир жолу аркылуу эс алуучуларды ташып келүү кызматы жакшырууда. Жайкы туристтик сезондо 15-июндан тартып 15-июль аралыгында жума, ишемби, жекшемби күндөрү жана 15-июлдан тартып 31-августка чейин күндө бирден рейс темир жол аркылуу эс алуучуларды ташуучу 3-5 вагон, мындан сырткары Ташкент—Балыкчы рейси 2018-жылдын 23-мартынан тартып бир жумада бир жолу бешинчи күн сайын 8 вагон (1 люкс, 4 купе, 2 плацкарт) келүүдө. Шаар ичинде туристтерди кабыл алуу боюнча «Сейил», «Толкун», «Почта» эс алуучу жайлары жана «Алия», «Алга», «Салабат», «Алые паруса», «Гостевой дом у Марии» «Алтын», «Люкс» мейманканалары иштейт. Мындан сырткары, Балыкчы шаарынан «Сары-Ой» комплекси жана «Азимут» мейманканасы ушул эле жылдын 6-майында болуп өткөн «Issyk-Kul ITF-2018» эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышып, шаарыбызды таанытуу максатында иштер жүргүзүлдү.
– Балыкчы калаасына гемодиализ борбору ачылбады беле. Бүгүн бул борборго өлкөбүздүн кайсы аймактарынан бейтаптар көбүрөөк кайрылышууда. Дегеле шаардык бийлик алыс-жакындан келген бейтаптар үчүн кандай шарттарды камсыз кылып жатасыңар?
– Ооба, бизде белгилүү жеке ишкер Мирлан Исагалиевдин демилгеси менен мамлекеттик гемодиализ борбору ачылган. Азыркы учурда анда 10 адам тейленет. Үзгүлтүксүз төрт аппарат иштейт. Алардын көбү Тоң районунан, Балыкчы шаарынан келишет. Гемодиализ борборуна алыстан келгендерге жана туристтерге зарыл учурда тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Мисалы, Бостери же Чолпон-Атада жүргөн эс алуучуга гемодиализ керек болду дейли. Андай шартта дозасын алып, ден соолугун турукташтырып кете алат.
– Сиз буга дейре ТИМде иштеп келген тажрыйбалуу дипломат болсоңуз, эки жылдан бери чарбалык иштерге баш салып, шаарды жетектеп келесиз. Балыкчы калаасын эл аралык тажрыйбаны айкалыштыруу менен чет өлкөлөрдөгү өнүккөн кайсы шаардын мисалында бутуна тургузсам дейсиз?
– Албетте, тышкы иштер менен биргеликте мамилени күчөтүү зарыл. Ушул багытта учурда жигердүү иш-чараларды алып бара баштадык. Балыкчыны чет өлкөлөрдүн шаарлары жана боордош калаалар сындуу кылуу үчүн иш жүрүп жатат. Себеби, Европа мамлекеттери башкача багытта өнүгүшөт. Биз Кыргызстан жакынкы боордош мамлекеттерге окшошпуз. Мен бир иш сапарымда Улан-Батор шаарына бардым. Ошол жердин өнүгүүсү мага абдан жакты. Алар азыркы учурда баардык жагынан акырындан көтөрүлүп келе жатышат. Биз да өнүгүү жагынан ушул шаарга окшошпуз. Жакында Астана шаарына да иш сапар менен барып келдим. Ал жердин кооздугу, инфраструктурасынын өнүккөнүнө абдан таң бердим. Мындай калааларды көргөндө биздин Балыкчы шаарыбыз да ушулардай болуп өнүксө дейм. Азыркы учурда Санджактепе (Туркия), Нанинг (Кытай, Гуанун провинциясы] менен тыгыз мамиле түзүү боюнча макулдашууга кол коюулар күтүлүп жатат.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: