Бүгүн, 28-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 104 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 19, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 6, Ош облусунан – 18, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 37 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 355ке жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 166 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 42 619га жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 38 адам; Чүй облусунан – 24, Ош шаарынан – 24, Ош облусунан – 43, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 5, Баткен облусунан – 31 адам.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан Ош олусунан 1 адам каза болду. Жалпысынан 1064 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ