Menu

2019-жылы 120 км жолго асфальт төшөлөт

Бөлүшүү:

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин пландалган иштери толугу менен ишке ашып, анын ичинде капиталдык кайра түзөтүлүшү керек болгон 226 км унаа жолдорунун 251 километри бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди. Ошондой эле Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолдорунун жалпы узундугу 56 чакырымы аяктап, 14 көпүрөнүн курулушу аяктаганын билдирди.

«2018-жылы жолдорду ремонттоо жана техникалык тейлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 984,8 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле өткөн жылы Кинвестициялык долбоорлор боюнча иштер жүгүзүлдү», — деп билдирди Жанат Бейшенов.

Мындан сырткары 2019-жылда аткарыла турган пландар жөнүндө айтып, 120 км жолго асфальт төшөлөөрүн, мындан сырткары шагылдоо жана башка иш-чаралар пландалганын айтты.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: