Menu

«Боинг-747» авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон «Боинг-747» авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын  туугандары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын, каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Мухамметкалый Абулгазиев КР ӨКМ атайын эсебине калк тарабынан 100 млн 499 миң 300 сом түшкөнүн эскертти. Каражатты бөлүштүрүү принциби каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен биргеликте иштелип чыккан.

Финансылык каражат каза болгондор менен жабыркагандардын туугандарына жана моралдык, материалдык чыгымга учураган жарандарга бөлүштүрүлөт.

Акча каражаттарынын белгилүү бир бөлүгү чоңойгондо өз керегине колдонуусу үчүн, ата-энесинен кароосуз калган эки баланын эсебине түшөт.

Атасынан же энесинен ажыраган алты балага да төлөмдөр каралган. 35 каза болгон жарандын тугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган 18 жаранга да өзүнчө акчалай каражат берилет. Психологиялык сокку алган 27 жаранга да финансылык жардамдар көрсөтүлөт.

Мындан сырткары турак жайы толук жараксыз калган үй ээлерине жана кийинки жашоого мүмкүн болбогон үйлөрдүн  (17 үй) ээлерине да жардам берилет.

Өкмөттүк комиссиянын жабыркагандар менен бирге чечиминин негизинде Дача СУ айылына моралдык жардам катары 5 млн сом бөлүнөт. Мындан сырткары Дача СУ айылынын инфраструктурасын жакшыртууга Сокулук районунун айыл өкмөтүнүн эсебине да каражат которулат.

Белгилей кетүү керек, жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулат.

Жыйын соңунда каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ачык иш алып баргандыгы үчүн Өкмөттүк комиссияга ыраазычылыгын билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, «ACT Airlines» компаниясы  каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына тиешелүү компенсацияларды төлөп берүү максатында, алардын документтеринин ырасталышын күтүп жатат.

Эскерте кетсек, каза болгон жана жабыркагандардын туугандары, учак таандык болгон  «ACT Airlines» компаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин ырасташууда. Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен айыл өкмөт жетекчилери, юристтер, мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: