Тажикстандын атайын кызматы өлкө ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы жана «Ислам мамлекети» тобунун аскер министринин милдетин аткаруучу Гулмурод Халимовдун 18 жаштагы уулун камакка алды.
Бехруз Гулмуродов үч жума мурда ата-энесинин айылдагы үйүндө кармалган, бирок ал жөнүндө 17-апрелде гана белгилүү болду. Учурда ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.
Бехруздун жакындарынын айтымдарында, коопсуздук органдарынын кызматкерлери анын эмне себептен кармалганын түшүндүрүшкөн жок. Андан сырткары туугандарынын аны менен жолуктуруу өтүнүчүн да четке кагышууда. Бехруз Гулмуродов өткөн жылы мектепти аяктап, апасына жардам берүү үчүн айылда калган.
Экс-командирдин жакындары анын өлүмү тууралуу угушкан эмес. 15-апрелде Британиянын «Таймс» журналы Гулмурод Халимов өткөн жумада Мосулдун батышындагы аба соккуларынын жыйынтыгында жок кылынганын билдирген.
Гулмурод Халимовдун жубайы Назокат Муродова дагы качып жүргөн күйөөсүнүн өлгөнүн билбейт. Ал көптөн бери өз жашоосу менен жашап, төрт уулун багып келатканын айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ