Menu

Депутат Д.Бекешев эл аралык практикага таянуу менен электр кубатына болгон тарифти өзгөрүлмө тариф кылуу жагын караштырууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочуларды түйшөлткөн маселелерди көтөрүп чыгышты.

Депутат Дастан Бекешев электр кубатына болгон тарифтер боюнча дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө кандай тажрыйбалар колдонуларын иликтеп чыкканын ортого салды. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдө дифференциялаштырылган (өзгөрүлмө) тарифтер колдонулат. “Бизде дагы кыш мезгилинде түнкүсүн арзаныраак, күндүзү кадимкидей тарифти киргизүүнү караштырууну сунуш кылам. Муну менен экологиялык, экономикалык жактан да пайдалуу болуп, калкка дагы жардам болот эле”,- дейт эл өкүлү.

Жыл өткөн сайын майып балдардын саны көбөйүп баратканына статистикалык маалыматтарды келтирген депутат Мирлан Бакиров майып балдарды окутуучу мамлекеттик 2-3 мектеп менен 3-4 бала бакча гана бар экенине токтолду. Эл өкүлү майып балдар үчүн жеке мектептерде бир күндүк окутуунун баасы 350 сом экенин маалымдап, КР Өкмөтүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Ошону менен катар мындай жагдайды азайтуу үчүн энелердин саламаттыгына кам көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Бакыт Төрөбаев ири компаниялардын салык төлөмдөрү төмөндөп кетип бара жатканына, айрым ишканалар ишин токтотконуна кабатырланды. Ага кошумча Казакстан жана Өзбекстан менен чектешкен облустардан алардын чек арадан каттоосуз өткөн товарлары жайнап кеткенин, атаандаштык жоктугун айткан депутат мындай шартта ата мекендик өндүрүүчүлөргө атаандаштыкка шарттарды түзүүнү КР Өкмөтүнө багыттады.

Айрым жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын укуктары корголбой келет. Үй куруучу компаниялар тиешелүү документтерин бүтүрүп бербей тургундар бүгүнкү күнгө чейин каттоого туруу сындуу бир катар социалдык милдеттемелер жаатындагы иштерин бүтүрө албай келишет. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов үй курууга үлүш кошуучу катары кирген жашоочулардын укуктарынын корголушун аткаруу бийлигине жолдоду.

“Кыргыз Республикасы өз маалында Орто Азия чөлкөмүндө бир топ чоң-чоң демилгелерди көтөрүп келген. Кечээ жакында эле алардын уландысы катары Орто Азияда биринчилердин болуп “Ачык Өкмөт” демилгесин көтөрүштү. Бул – эл аралык деңгээлде аз да болсо жеңиш”,- деген депутат Руслан Казакбаев КР Өкмөтүнүн мындай демилгеси менен куттуктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: