Биринчиден биз 70 жыл Советтер Союзунда жашап, динден алыстап калганбыз. Эркиндик берилгенде динге жапырт берилүү түшүнүгү кире баштады. Экинчиден мечиттердин санынын көбөйүшүнөн коркпош керек. Мечиттер өз демилгеси менен өзү салынып жатат, мамлекет ага тыюу салбайт.
Негизги маселе катары мечиттеги имамдардын деңгээли кандай, алар канчалык деңгээлде мамлекеттик саясатка туура келет дегенди карайт элем. Аны сөзсүз көзөмөлдөш керек. Анткени биздин имамдардын деңгээли төмөн. Муну моюнга алыш керек. Ал жакта бир жактуу гана окутуп жатышат. Медреселерде светтик сабактарды окутуу керек деген талкуу кетип жатат. Муну мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алуу зарыл.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ