Саясат таануучу Сания Токтогазиева учурдагы бийлик өзүнүн мыйзасыз иштерин кошоматчылардын жардамы менен мыйзаштырып жатканын айтты. Бул туралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Азыркы бийлик өзүнүн мыйзамсыз иштерин мөөнөтү бүткөн депутаттардын, караны ак деген юристтердин жана калп эле эл деп көкүрөгүн чапкан кошаматчылардын жардамы менен легитимдештирүүдө. Бул да күндөр өтөт, тарых баардыгын өз ордуна коёт!” – деди ал.
Ал ошондой эле, мөөнөтү бүткөн 6-чакырылыштын депутаттары референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун өткөрүп жатканын айтат.
Белгилей кетсек, укчээ Жогорку Кеңеш референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карбыл алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ