Menu

Бишкекте өзүнүн бөлөсүн зордуктап, андан кийин муунтуп өлтүргөн жаран 17 жылга эркинен ажыратылды 

Бөлүшүү:

Бишкекте өзүнүн бөлөсүн зордуктады жана өлтүрдү деп айыпталган адам 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук прокурорунун улук жардамчысы Бакыт Доктурбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

«Айыпталуучу кафеде достору менен алкоголдук ичимдиктерди ичип, андан кийин көчөдө уктап калган. Ал ойгонуп, үйүнө кетүүнү чечкен. Үйдүн экинчи кабатына көтөрүлүп, бөлмөдө бөлөсү уктап жаткандыгын көргөн. Жакын жерде эч ким жоктугунан пайдаланып, ыплас иштерди жасап баштаган. Бөлмөдө жаткан кыз каршылык көрсөткөндө, айыпталуучу анын оозун жууркан менен жаап, сабап салган. Соттолуучу тууганын зордуктап, андан кийин муунтуп өлтүргөн. Сотто мамлекеттик айыптоочу адамды 20 жылга эркинен ажыратууну суранган», – деди Бакыт Доктурбеков.

Анын натыйжасында сот аны күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыратты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: