Menu

Гүлмира Шакирова иштеген жерин иритип жибереби?

Бөлүшүү:

Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин башкы директору Гүлмира Шакирова азыркы ээлеп отурган ордун «саясый кызмат» деп атап, интервью бергени кандай? Аныгында бу айым отурган орун саясый эмес, административдик кызмат болуп саналарын билбейби? Анын мындай пикиринен соң медицина системасындагылар «бу айымдын иштегенине эки жылга чамалап калды, дагы эле эч нерсе үйрөнө элекпи?» таризинде кадыры кеткен кадр саясатына колун шилтеп жатышканы айтылууда.

Айтор, Шакирова мекемеге жетекчи болуп келгени дары департаменти эмне жумуш аткарарын билбей, туш келди ириген боткосун чалып жатканы ачыкталабы? ФОМСда, каржы чалгындоо кызматында тендер менен алек болуп көнгөн Шакирова департаменттин жоопкерчилигин тарта албай калдыбы, ММКга эски иштер боюнча интервью берип, эбак жасалган жумуштарды өзү азыр жасап жаткандай түс берүүдө. Анан калса дары-дармектердин улуттук маалымат базасын түзүү боюнча абдан шымаланып иштеп жаткандыгын баса белгилөөдө. Дал ушул маалыматтык база боюнча кезегинде экс-министр Талантбек Батыралиев да далай ирет мактанып, анысы ишке ашып-ашпай, ара жолдо калганы бар. Адистер ал программанын эмдигиче толук ишке ашпай жаткандыгын байма-бай сындап келет. Кыскасы, Шакированын тааныштары күчтүү үчүн аталган мекемеге директор болуп отуруп калганы белгилүү. Гүлмира айымдын шаабайын сууткусу келбеген колдоочулары андай болсо башка деле кызмат беришпейби? Медицина тармагына алып келип, тармакка «тиши өтпөгөн» кадрын кыйнап не кылышат? Анан калса башка кесиптеги адисти медицина тармагына алып келген тажрыйба кайсы өлкөдө бар экен?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: