Menu

УКМК жетекчилиги жана өздүк курамы Улуу Ата-Мекендик согуштун чекист-ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

2019-жылдын 8-майында КРУКМК жетекчилиги жана өздүк курамы Улуу Ата-Мекен согушунун жана Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери ВасилийТихоновичКавешниковду келе жаткан Жеңиш күнүнүн 74-жылдыгы менен куттуктады.

Воронеж областынын тургуну Василий Кавешников 1925-жылы Козлов районунун Костино-Отделец айылында туулган.

Ал өзүнүн эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү” кен башкармалыгынын статистиги катары баштаган. Мамлекеттик коопсуздук органдарында 1944-жылдан 1985-жылга чейин иштеген. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган. ИИМ райондук бөлүмүнүн атайын комендатурасынын коменданты катары иштеп баштап Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук органдарынын бөлүм башчысы болгуча бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда ВасилийКавешников көптөгөн мекемелик жана мааракелик медалдар менен сыйланган. В.Кавешников менен жолугушууда, КРУКМК өкүлдөрү келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, улуттук коопсуздук органдарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

“Сиздер жасаган эрдик эч качан өчпөйт. Элдин эсинде кылымдар бою сакталат. Эр-жүрөк, кайтатынарды ардактап, бир доордун баатырлары болгон, Улуу Ата-Мекен согушунун ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин ыйык милдет” – деп белгиледи Улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилиги.

Жолугушуунун соңунда УКМК өкүлдөрү Василий Кавешниковго чың ден-соолук, узун өмүр каалашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: