Бүгүнкү күндө таажывирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 80 миллион 552,2 миң сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Белгилегендей, эң көп акча которуулар 31-мартта жана 1-апрелде болгон, анда 13,7 жана 11 миллион сом которулган.
Учурда Кыргызстанда 116 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, экөө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ