Menu

Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Будапештке келгени тууралуу эскерет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдош улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жолугушуулары тууралуу эскерүүлөрүн айтып берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Менин Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консул катары 18 жылдык эмгек тажрыйбамдагы жагымдуу жана кымбат учурлардын бири — бул Чыңгыз Айтматовдун Будапештке келгени болду. 2007-жылы ал менин демилгем боюнча өткөн эл аралык китеп жумалыгына келген эле. Мен аны коштоп жүргөм, ал жумалыкка укмуштуудай таасирленген. Жазуучу андан кол тамга алуу үчүн кезек күткөн адамдардын көптүгүнө ушунчалык толкунданган. Ал тургай, 60-жылдары филология факультеттерин окуп бүтүп жатканда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана чыгармачылыгы боюнча дипломдук иштерди жазып, улуу жазуучу менен жолугушууда ошол дипломдук иштерин алып чыгып, ага кол тамга коюп берүүнү суранышкан адамдар да болгон.Будапештте жазуучуга татыктуу көңүл бурулду. Биз ошондо макулдашып алган элек, ал ошол күндөрдө жазып бүтүп, дагы иштеп чыгып жаткан романынын даяр вариантын салып жибермек. Мен болсо „Европа“ аттуу белгилүү венгер басма үйүнө анын романын венгер тилинде басып чыгарууну сунуштайын деп жаткам», — деп белгиледи Эндре Эрдош.

Анын айтымында, бул басма үйүнөн мурда Чынгыз Айтматовдун эң белгилүү китептери: «Биринчи мугалим» жана «Кош бол, Гүлсары!» басылып чыккан.

« Алар бул жолу да колдоо көрсөтүштү, орус жана немис тилдеринде алгачкы басылмалары чыкса, дүйнөдө үчүнчү болуп венгер тилинде анын акыркы чыгармасы — „Тоолор кулаганда (Түбөлүк колукту)“ романы басылып чыккан. Басма үйүн жөн жерден эле шаштырбаптырмын.  Мен жаңы басылманы Чыңгыз Төрөкулович Брюсселде жүргөндө колума алгам, ал анда кызматын тапшырып, кетүүгө камынып жаткан. Жазуучу менен Брюсселде кетерден мурунку күнү кечинде элчиликте жолугушканга жетишип, ага китептин ардактуу нускасын тапшырдым. Бул окуяга ал абдан кубанычта болуп, мен болсо мындай керемет учурга толкунданып жаттым. Ал Европадан учуп кетип, тилекке каршы, көп өтпөй көз жумду. Менде ошол кечедеги сүрөттөр дагы деле болсо сакталып турат, алар мен үчүн жылуу эскерүү болуп калды», — деп белгиледи Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу Эндрэ Эрдош.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон расмий визитинин алкагында, 29-сентябрда өткөн Будапешт шаарындагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземине катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: