Menu

Түркия ЕБнын ордуна ШКУга кирип калуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт

Бөлүшүү:

Түркия жалгыз ыкыласты Евробиримдикке кирүүгө койбой, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кошулуу мүмкүнчүлүгүн дагы карап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти  Реджеп Тайып Эрдоган жекшембиде билдирди.

Эрдоган Түркия ЕБге кошулуу маселесинде биринчи кезекте өзүн тынч сезип, болгон дитин буга бурбоосу керектигин Өзбекстандагы сапары учурунда айтканын Hurriyet гезити жазды.

“Кимдир бирөө мени сындашы мүмкүн, бирок мен өз оюмду билдирип жатам. Маселен, “Шанхай бештигинде” орун алсак эмнеге болбосун?”- деди ал. Эрдоган ошондой эле Түркия үчүн ШКУ курамында иштөө “ынгайлуу” болушу мүмкүн экенин, себеби ЕБ өлкөнү катарына кошуу жараянын ондогон жылдардан бери создуктуруп жатканын айтты.

Өткөн жума башында Эрдоган Анкара келерки жылы Евробиримдикке кошулууга умтулуу керекпи деген маселе боюнча референдум өткөрүп калышы мүмкүн экенин билдирген.

ШКУ курамына Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. 2015-жылдын июль айында уюмга Иран менен Пакистанды кошуу боюнча процедуралар башталган. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия ШКУда байкоочу макамга ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: