Menu

Өзбекстанда диний мекемелерден атайын кызматтын “кураторлору” четтетилүүдө

Бөлүшүү:

17-февралда Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрага орун басары Айдарбек Тулепов кызматынан алдынды. “Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булагы билдиргендей, ал аталган мекемеде атайын кызматтын куратору болгон. Мындан тышкары Ташкенттеги мечиттерди көзөмөлдөгөн атайын кызматтын бир нече өкүлү дагы бул жумуштан четтетилген.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрага орун басары катары Айдарбек Тулепов 2006-жылдан бери иштеп келген.

– Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын өзүндө түзүмдү өзгөртүү жүрүүдө. Ошондуктан УККнын ар кыл мекемелердеги өкүлдөрү убактылуу иштерин токтотушту. Тулепов ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетүү боюнча арыз жазды. Бирок анын ордуна куратор катары башка киши келеби же алардын ишин токтотуп коюшабы – белгисиз. Баардыгы жаңы кабыл алына турган мыйзамдан көз каранды , – деди өз булак.

Ташкенттик журналисттердин бири мечиттерде УККнын кураторлору дагы көрүнбөй калганын билдирди. “Акыркы жолу жума намазда аларды көргөн жокпуз. Мечитке дайыма барган мусулмандар бул адамдарды жакшы таанышат”, – деди журналист.

Прокуратура кызматкерлери шаар мечиттериндеги “УККнын тыңчыларын” ачыкка чыгарып жатканын айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: