Эл аралык “Transparency International” уюмунун чыгарган жыйынтыгында 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 100дөн 29 упай алып 135-орунду ээледи. Анда айтылгандай, 2016-жылга карата чыгарылган жыйынтыкта кыргыз мамлекети 136-позицияда болсо, 2017-жылы бир тепкичке айырмаланган. Ал эми алдыңкы беш сапка Жаңы Зеландия, Дания, Финляндия, Норвегия жана Швейцария жайгашкан. Эң акыркы орундарга Сомали, Түштүк Судан, Сирия, Ооганстан жана Йемен өлкөлөрү жазылган. Коңшу мамлекеттердин ичинен рейтингде Өзбекстан 157, Тажикстан 161, Казакстан 122-орунда жайгашты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ