Menu

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: «Буга чейин өздөрүнүн арасындагы коррупционерлерге көз жумду болуп, саясий жактан каршы сүйлөгөндөрдү баса калып жатканын эл билбейт дейсиңби?»

Бөлүшүү:

— Нарынбек мырза, сиз дагы саясатка анализ жүргүзүп келатасыз. Президенттин Коопсуздук кеңешинде күч структураларын катуу сынга алып, коррупция менен күрөшүүдө натыйжа болбой жатканын баса белгилеп, ачуу чындыкты айтканы көпчүлүккө күтүүсүз болду. Сиз жаңы президент ушундай чечкиндүү сөздү айтып, саясий эркти көрсөтө алат деп күттүңүз беле?

— Президент айткандай бизде коррупция аябай эле тамырын кенен жайылтты. Кайсыл жерге барба коррупция. Адам төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин коррупция менен жашай турган абалга жетип калдык. Боюнда бар аял доктурга барып каттоого турайын десе акча, ошол эле аял төрөйүн десе дагы акча, төрөлгөн баланы бала бакчага берейин десе бир дагы бала бакча 500 доллардан кем эмес акчага албайт, биринчи класска мектепке алып барса, мектепте дагы бизде орун жок деп миң доллар акча бермейин албайт. Жогорку окуу жайды айтпай эле кой, дипломдуу болуп жумушка акча менен орношуп жатканын эл билбейт дейсиңби? Балдарды коррупция менен тарбиялап жатканыбызды кантип танабыз? Президент сотторду дагы айтып кетти. Соттордо бир дагы маселе акча бермейин чечилбейт. Муну калкыбыз көрүп жатканын ким жокко чыгарат? Президенттер келгенде эле өзүнүн ишин ушундан баштап, бирок аягына чыкпайт. Бул сапар Жээнбеков баштаган ишинин аягына чыгат деген чоң үмүтүм бар. Анткени, маселенин ийне-жибине чейин айтып, баарынан кабары бар экенин көрсөттү. Эми белгилүү саясатчыларды, жогорку кызматтарда олтурган чиновниктердин декларациясын карап көрсөңөр бир да машинасы, ал тургай үйү да жок. Бирок, андан өткөн бай киши жок. Туугандарына жазып коюшкан. Эми туугандарын да иликтейбиз деп жатпайбы. Үйүндө кароолчу болуп олтурса каяктан Лексус 570 жолтандабасты 120 миң долларга алат? Коррупцияга аралашкандардын тизмесин түзөбүз дебедиби. Бул сапар коррупция менен күрөшө турган жолдор, кишилер дагы табылды деп ойлойм. Эл Сооронбай Жээнбековго жөнөкөйлүгү үчүн ишеним менен добуш берип президент кылды. Депутат, министр, губернатор, премьер-министр болуп иштесе да артынан жаман сөз ээрчибеди. Карапайым элдин арасында жүрүп, элдин ысык-суугун да көтөргөн киши астына койгон максатын сөзсүз ишке ашырат. Элдин алдында берген убадасынын аягына чыгат болуш керек деп ойлойм.

— Президент алдына койгон максатын ишке ашыруу үчүн ага бекем команда керек да. Азыркы күч структураларынын башчыларынын учурунда коррупция менен күрөш өз максатына жетпеди деп өзү айтты. Андан сырткары бул жетекчилер мурунку президенттин коюп кеткен көздөй кишилери. Ушул кадрлар менен айтылган сөздөр иш жүзүнө ашабы?

— Кечээ күнү Финполиция Баткендеги күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасын токтотуп жатабыз деди. Алар буга чейин андай сөздү айткан эмес. Эл бул ишти өздөрү калкалап турат деп ойлочу. Ушул сыяктуу укук коргоо кызматынын жетекчилери кечээки отурумдан кийин жоопкерчиликти сезсе аракет кылып иштейт го деген оюм бар. Эгерде мурункудай эле ишти алып барышса, көбүн алмаштырыш керек. Президенттин максатын колдогон командага таза кишилер чогулууга тийиш. Андай болбосо президенттин айтканы иш жүзүнө ашышы кыйын болот. Сингапур бизден да начар абалга туш келген өлкө болгон. Мыкты жетекчи келип өлкөнү оңдоп койду. Биз да аракет кылышыбыз керек. Бир эле мисал, Түштүк Кореянын Daewoo деген машина чыгарган компаниясы бизге келип, ишкана куруп, машина чыгаралы десе, биздикилер “шапкесин” сурагандан Өзбекстанга кетип, ал жактын президентине киргенде, Каримов алардын сунушун угуп, премьер-министрин чакырып, “Эгер булар Өзбекстанга калбай кетебиз деген болсо, сен дагы кошо кеткенге даяр бол” деп тапшырма берген дешет. Ушундай мамиле бизге да керек. Бизге да түштүк кореялыктар картошка иштете турган завод курабыз деп келишкен. Мага келишип, канчасына берсек да болбой жатат деп таң калышкан. Кимге бердиңер десем, аким акчалай, губернатор “доля” сурады, айыл чарба министри менин “долямды” акчалай эле чыгарып берип койгула деп айтты” дешкен. Биздин жетекчилер “доля” сурап олтурса, кайсыл инвестор бул жакка келет? Өзүбүз болсо гөлөч чыгарганды үйрөнө элекпиз. Жумурткадан баштап баарын сырттан алып келип жатабыз.

— Жээнбековдун коррупция менен күрөш буга чейин өз натыйжасын бербеди, мындан кийин чыныгы күрөш башталат деп айтканы, бир киши үчүн күтүлбөгөн сөз болдубу?

— Ооба, президенттин коррупция боюнча айткандары кимдир бирөө үчүн күтүлбөгөндөй болду деп ойлойм. Башта деле коррупция менен күрөш болуп жаткансыды. Бирок, тандалма болуп атты да. Буга чейин Өздөрүнүн арасындагы коррупционерлерге көз жумду болуп, саясий жактан каршы сүйлөгөндөрдү баса калып жатканын эл билбейт дейсиңби? Бир тобун кармап, кайра эле чыгарып жибербедиби. Коррупция менен системдүү күрөш болсо элдин баары кокуйлап калмак. Мен жакында эле прокуратуранын балдары “Эми кимден баштайт? Сөзсүз жогор жактан башталат да” дегенин көрдүм. Туура, балык башынан сасыйт. Тазалаганы келгенде куйругунан тазалайт.

— Сиз эмгек сиңирген куруучусуз. Парламентте дагы архитектура, курулуш комитетинде иштеп калдыңыз. Азыр Бишкек ЖЭБге жумшалган 386 млн доллар боюнча чыр жаралып жатпайбы. Жаңы ЖЭБ курууга канча каражат жумшаларын куруучу катары кызыгып көргөнсүзбү?

— Мындан 10 жыл мурун мага энергетиктердин бири “ЖЭБди кайра калыбына келтирип, андан да жакшы кылып койгонго 250 млн доллар болсо жетет болчу. Биз баарын эсептеп чыктык” деп айткан. Ошол киши “ЖЭБ жылуулукту саткан акчанын үчтөн бири кайра эле мазут, көмүр сатып алганга, үчтөн бир бөлүгү бюджетке, үчтөн бири өзүнүн ремонтуна кетет. Балкыбеков деген Энергетика министри болуп келгенде ремонтко кетчү үчтөн бир бөлүгүн такыр жумшабай, Максим экөө бөлүп жатышат” деп айтты. 2009-жылы парламентте “Балкыбеков сен, Кыргызстандын тарыхында жаралган феномен экенсиң. Бишкек шаарынын тургундары сенин жети тукумуңа чейин каргаарынан коркпойсуңбу?! Бишкекти караңгы түнгө калтырасың…” деп айттым. Кийин кытайдын ТВЕА деген компаниясы 386 млн долларга ЖЭБди реконструкция кылмай болду деди. Бул компания керектүү жабдыктарды чыгарат, ЖЭБ курганга адистешкен эмес. Алар өздөрүнүн товарын сатыш керек эле. Мына эми, баары башаламан болду. Ким агрегатты ишке киргизиш керек экенин билбей, бири-бирине шылтап олтурушту. Аппараты 30 градусс суукта иштебей калат экен. Андай аппаратты алып келе жатканда эле билиш керек болчу. 2014-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турганымда 250 млн доллар ЖЭБди жаңылаганга жетет, кайсыл жактагы 386 млн долларды айтып жатасыңар деп кыйкыргам. Тажикстанга 250 млн долларга жаңы ЖЭБ куруптур. Бизге деле 250 млн долларга жаңы ЖЭБ курса болот эле. Жаңы менен эски ЖЭБдин айырмасы асман менен жердей. Жаңы ЖЭБ курганда темир жолдон баштап толтура курулуш иштери жүрөт. Тажиктер анын баарына 250 млн доллар кетирсе, биздикилер эски ЖЭБдин реконструкциясына 386 млн доллар жетпей калды дегенине түшүнбөйм. Азыркы депутаттык комиссия жакшы иликтебей, жаап-жашырып койсо, кийинки келген депутаттар кайра бул маселени көтөрүп, ачыкка алып чыгат.

— Азыр парламент тарайт деген божомолдор эле айтылып жатат. Парламент тараса КСДПдан башка азыркы парламенттеги партиялар утушка ээ боло алабы?

— Менин түшүнүгүм боюнча быйыл парламент тарабайт. Анткени, бүгүнкүдөй абдан ийкемдүү парламент оңой менен болбойт. Ошондуктан муну таратып жибериш кыйын. Парламент өзүн-өзү таратат деген норма бар. Азыр кайсыл депутат өзүн өзү таратууга барат? Эч ким барбайт. Өкмөттү шайлай албай калган кезде президент парламентти же Өкмөттү тандайт. Мен мындан башка үчүнчү жолу болуп калышы мүмкүн деп айтып жатам. Мисалы, КСДП партияны тазалайбыз деген максатын ишке ашыруу үчүн парламенттен чыгабыз десе тарашы ыктымал. Азыркы Жогорку Кеңеш тараса ким утушка ээ болот? КСДП бийликти кармап турган партия. Алар көпчүлүк добушту ала албаса да жеңишке жетет. Бирок, саясатта көп нерсе өзгөрөт. Бул партия дагы добуш албай калышы мүмкүн. “Ата-Мекен” шайлоого бара албаса керек. Лидери абакта жатат. “Республика- Ата Журт” ансыз деле экиге бөлүнүп турду эле, лидери саясаттан биротоло кеттим деди. Булардын дагы шайлоого барышы кыйын. Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо эч кимге кошулбай, өз алдынча турганда бир далай абройго ээ болмок. Бабановго кошулуп жаңылып алды, аны да колдоочу кишилер азайды. Бүгүнкү парламенттеги партиялардын көбү шайлоого барбайт, күчү да жетпейт. Кайсыл партиянын артында ким турары, канча күчү бар экени белгилүү эле болуп калбадыбы.

— КСДП кимдерден тазаланат? Ууру-кескилер экен деп тазалай турган болсо өздөрү эле уят болот го?

— Бул партиянын ичинде каралчу өздөрүнүн маселеси. Менин оюмча өз алдынча кетип, партия менен көз карашы дал келбей калгандардан кол үзүшсө керек.

Маектешкен Т.Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: