Menu

Путиндин сапары “Жерүй” долбоору жомок эмес экендигин көрсөттү

Бөлүшүү:

Жакында Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде, эки өлкөнүн жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу жаатында биргелешкен ишинин биринчи кадамы ташталды. Орус президенти кыргыз жергесинин жаратылыш байлыктарынын арасынан “Жерүйгө” басым жасады.

“Жерүй” кени алтын запасы боюнча өлкөдө экинчи орунда турат. Геологиялык чалгындоонун маалыматына караганда, андагы запас 100 тоннага жетет. Кыргызстандын 2018-2040-жылдардагы Улуттук өнүктүрүү стратегиясы алтын кенинин тоо-кен тармагындагы инвестициядагы үлүшү 40 пайызга бараарын белгилейт. Долбоордон казынага жана казынадан сырткаркы фонддорго бөлүнгөн каражаттын көлөмү 540 млн. АКШ доллары, ал эми Талас облусуна 110 млн. доллардан ашык болот.

28-мартта маалымат жыйынында Кыргызстан менен Россиянын жаратылыш кендерин иштетүү боюнча кызматташуусу ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеген Путин бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык, “Альянс” тобу жана кыргыз “Альянс алтын” тобу “Жерүй” кени боюнча ири долбоорду ишке ашырууну баштаганын кабарлады.

“Жакынкы 20 жылдын ичинде долбоорго салынган инвестициялардын суммасы 600 млн. долларды түзөт”, – деди Владимир Путин.

Ошол эле күнү Бишкекте “Группа Альянс”, “Альянс Алтын” жана ВТБ Банк “Жерүй” алтын кени боюнча долбоорду өнүктүрүү жөнүндөгү кызматташтык келишимине кол коюшту. Кол коюу иш чарасына кыргыз-орус Сегизинчи аймак аралык конференциясынын алкагында президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин да катышты.

Макулдаштык келишимине “Альянс Групптун” президенти Муса Бажаев, “Альянс Алтындын” башкы директору Михаил Шубин жана ВТБнын президенти – башкаруу кеңешинин төрагасы Андрей Костиндин кол тамгасы түштү. Эми бул макулдашууга ылайык ВТБ 180 млн АКШ доллары өлчөмүндө долбоорлук каржылыгын көрсөтөт.

Жалпы 2015-2040-жылдардагы долбоорду инвестициялоонун суммасы 600 млн долларды түзөт. Ал эми ВТБнын насыясын 2019-2020-жылдары өздөштүрүү милдеттендирилген. Алтын өндүрүү иши ушул жылы башталып, жылына 5 тоннага чейин жетиши болжолдонууда. Бүгүнкү күндө бул келишим Орусиянын катышуусунда өлкөдөгү эң ири инвестициялык долбоор. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик банкынын Кыргызстанда иш алып баруусунун алгачкы мисалы.

“Альянс Групптун” президенти Муса Бажаевдин айтымында, “Жерүйдү” өздөштүрүүдө катаал тартипте экологиялык стандарттарга жооп берген эң жогорку технологиялык сапаттагы өндүрүш шарты түзүлдү. Долбоор алтын кени жайгашкан Талас облусунун гана эмес, бүткүл Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө татыктуу салымын кошуп келатат. Калкты жумуш менен камсыз кылуу да жогорку баскычка көтөрүлөт. Бул тууралуу “Альянс Алтындын” башкы директору Михаил Шубин “Жерүйдө миңге чейин жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү эл жумушка орношуу үчүн профессионалдуу даярдыктан өтүп турат. Андан сырткары долбоор Кыргызстандагы бир нече подрядчик уюмдардын кызматташуусуна мүмкүнчүлүк ачты”, – деди.

Мындан тышкары өлкөбүздүн аймагындагы келечектүү жаңы кызматташтык ЕАЭБдин биримдигин күчтөндүрөт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: