“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасын 5 миллион сом чогултуп алды. Бул тууралуу саясий уюмдун сайты жана партиянын мүчөлөрү билдиришти.
Бүгүн саат 18.00гө чейин эсеп төлөнө турган акыркы күн экендиги такталды, ошондой эле каттоо үчүн документтер БШКга тапшырылышы керек. Белгилей кетсек, “Реформа” саясий партиясынын эсебинде 5 миллион 478 миң сом бар. Ыктыярдуу жардамдар келе берүүдө.
Саясий партияларды каттоонун акыркы мөөнөтү бүгүн саат 18:00дө аяктайт. Кечки саат 18:00дон кийин документтерди кабыл алууга тыюу салынат. Ошентип, шайлоо жарышына катышкан партиялардын алдын ала тизмеси белгилүү болот.
Башында 44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок жарымынан көбү ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартышкан. Мыйзамга ылайык 22 саясий партия съезд өткөрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ