Menu

Видео – Өкмөт Камчы Көлбаев кримдүйнөнүн “Президенти” экенин расмий моюнга алды

Бөлүшүү:

17-апрель күнү социалдык тармактарда “N1-абактагы (Молдовановка) кримтөбөл “Лимонти” – Алмаз Сулайманов отурган камера” деп аталыштагы видеотасма тарады. Анда абак эмес эле 5 жылдыздуу мейманкананын “люкс” бөлмөсүнө окшоштурулуп жасалгаланган жатак тартылган. Кымбат баалуу эмеректер, плазмалуу телевизор, жумшак жана кенен керебет, жазуу столу бар бөлмөгө чын эле “Лимонти” – Алмаз Сулаймановго окшош киши кирип келип иш столуна олтуруп, видеокамераны көздөй кол көтөрүп, салам берет. Видеокамеранын объективи акырындап жылып, оң тараптагы дубалда алтын түстүү алкакка алынып, илинип турган “Мыйзамдагы ууру” “Коля Киргиз”  – Камчы Көлбаевдин портретине токтойт.

Кыргыздын кайсы аткаминеринин кабинетине кирсең расмий түрдө КР Президентинин сүрөтү илинип турат. Анткени КР Президенти эл тарабынан шайланып, бийлик анын колуна 6 жылга өткөрүлүп берилет да, ал бийлик жүргүзгөн аймактын баарына президенттин сүрөтү илинет. Буга эл көнүп деле калды. Анын үстүнө бул салт бизге тээ орус падышачылыгынан тартып, Ленин, Сталин, Хрущев, Брежнев аталардан бери калган.

Анын сыңарындай  “Мыйзамдагы ууру” “Коля Киргиз” – Камчы Көлбаевдин портретин анын соратниги “Лимонти” – Алмаз Сулайманов бийликтен жашыруун илип алса керек деп ойлоп турсак, КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 18-апрелде расмий билдирүү таратып: “Бул жатак бөлмө “Лимонти” – Алмаз Сулаймановдуку эмес, бул бөлмө абакта жаткандар менен жолугушуу үчүн сырттан келген жарандар үчүн жасалган бөлмө” деп жарыялады.

Муну менен КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК биринчиден, ал “люкс” бөлмө чын эле Молдовановкадагы N1-абаккка таандык экенин расмий тааныды. Экинчиден, ал бөлмөгө абактагылар гана эмес, сырттан келген мыйзамды сыйлаган катардагы эле жарандар да түнөй тургандыгын расмий моюндады. Үчүнчүдөн, ал “люкс” бөлмөдө “Мыйзамдагы ууру”  “Коля Киргиз” – Камчы Көлбаевдин портрети илинип турганын жана ал жерге “Мыйзамдагы уурунун” бийлиги тарай турганын, ал криминалдык дүйнөнүн “Президенти” экенин кыйытса да расмий моюнга алды. “Мыйзамдагы уурунун” портрети алтын жалатылган алкакка салынып, ачык эле илинип турган бөлмөнү өкмөттүк орган өзүнүн иш бөлмөлөрүнүн бири катары моюнга алып жатканы – бул факт.

Демек, кыргыз түрмөлөрүнүн айрым урунттуу жерлеринде “Мыйзамдагы ууру” “Коля-Киргиз” – Камчы Көлбаевдин – “кара” дүйнөнүн “Президентинин” портреттери илинип турат турбайбы деген ой кетти. Муну КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК өзүнүн расмий билдирүүсү менен кыйыта болсо да тастыктады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: