Сибирь жарасы менен ооруган сегиз адам Ош облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин айтымында, бейтаптардын бирине “Сибирь жарасы” диагнозу коюлган. Алардын бардыгы тиешелүү дарылоодон өтүп, медициналык көзөмөлдө.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, 25-июлда тогуз адам мал союуга катышкандыгы аныкталды. Эт Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарында жашаган 34 үй-бүлөгө (285 адам) бөлүштүрүлдү.
Азыр байланышта болгондор антибиотик алып, медициналык көзөмөлдө турат.
Аймакта сибирь жарасын локализациялоо жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн, калк арасында сибирь жарасынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ