Menu

Түркмөнстанда азык-түлүк үчүн дүкөндө кезекке турган кызматкерлер иштен кетет

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер өз кызматкерлерине кайрылып, тартыш болгон товарлар үчүн дүкөндөргө кезекке турбоого чакырды. Акыркы айларда өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке дүкөндөрдө азык-түлүк жана чылым тартыш. Буга байланыштуу адамдар болуп көрбөгөндөй кезекке турушууда. Мекеме жетекчиликтери кезекке турган кызматкерлер жумуштан кетерин эскертти.

Бийликтин мындай көрсөтмөсү айрым азык-түлүк товарлары жана чылым кескин кымбаттаган маалга туш келди. Бир нече айдан бери дүкөндөрдө шекер, ун, май, чылым үчүн кишилер узун кезекке турушууда. Айрым учурда жаңжалдар пайда болуп, полиция кийлигишкен учурлар дагы катталууда.

Түркмөнстандын түндүгүндө тартыш товарларды сатып алуу үчүн тургундар бир ай мурун кезекке турууда. Бул көрүнүштөрдү сүрөткө жана тасмага тушүрүп алууга аракет жасагандардын телефондорун полиция кызматкерлери алып коюшууда.

Өз кезегинде Түркмөнстан бийлиги өлкөдөгү азык-түлүк жетишсиздиги боюнча сөз козгогон жок. Расмий чаралар катары “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле өлкө президенти майрам күндөрдө тамак-аш азыктарын мол камсыз кылуу боюнча бир нече жолу оозеки көрсөтмө берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: