Казакстандык Марат Шибутов деген саясат таануучу «Regnum» басылмасына «Кыргызстан өлкө болуп калыптанган жок, Кыргыз мамлекетинин бузулуп жок болуп кетишин шарттаган көптөгөн чечилгис маселелер бар, анын башкысы укуктук нигилизм жана коррупция; Бишкектеги өкмөт бир гана Бишкекти көзөмөлдөйт; калган жакты көзөмөлдөөгө каражаты жок. Кыргызстан деген өлкө азыр жок экендиги факт; калган аймактарды криминал башкарат» деп айтып жамандык менен шумдуктун баарын жармаштырып, акырында акыл айтканга да жараптыр.
Эмне демекчибиз, 25 жылдан бери өнүгө албасак, коррупциядан арылбасак, ишке жарамдуу балдарыбыз тентип сыртта жүрсө, акыры угар сөзүбүз ушул да. Эгер таз кейпибиз ушинтип улана берсе мындан да жаман сөздөрдү угар күн алыс эместир.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ