Президенттикке талапкерлер 6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин БШКга бардык документтерин тапшырышы керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде каталар же дал келбестиктер табылса, арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Талапкерге кемчиликтерди оңдоо үчүн 48 саат берилет. Эгерде талапкерди каттоодон баш тартышса, анда ал төрт күндүн ичинде БШКнын бул чечимине каршы сотко даттана алат.
Үгүт иштери 15-декабрда башталат. Президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 14-декабрь саат 00:00дө аяктайт.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катыша турган жарандар: Кыргызстандын жараны, кош жарандуулугу жок, соттолбогон, жашы 35тен жогору 70тен төмөн болуусу шарт.
Эсиңиздерге сала кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ