“Соттун Р.И. Матраимовду бажыдагы жетекчилик кызматка кайтаруу жөнүндөгү чечими менин 2018-жылдын 6-июндагы Саясий билдирүүмдө белгиленгендерге далил боло алат.
Тактап айтканда: “Бажыдагы уурулуктун бетин ачкан мамлекеттик ишмерлерди (Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду) камакка алуу жөнүндөгү чечим бул иш жүзүндө кызматынан бошотулгандан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр жана бажы төлөмдөрүнө кескин жогорулоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн аты белгилүү “Раим-миллиондун” достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу болуп саналат”.
Бүгүн элге Р. И. Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келеби, келбейби, ал жана ага окшогондор өлкөдөгү ушу сыяктуу жана бюджет толтуруучу башка түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара беришерин ачык билдиришти.
Тилекке каршы, менин Президент С.Ж. Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет.”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ