Menu

Интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча түз байланыш ачылды

Бөлүшүү:

Түз байланыш телефондору аркылуу интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча адистер кеңеш беришет. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, 111 номуру жалпы республика боюнча, ал эми 185 номуруна Бишкек шаарынын тургундары чалышса болот.

Телефон аркылуу байланыш да, кеңеш алуу да акысыз. Мындай чечим 1-февраль күнү вице-премьер-министр Чолпон Султанкулованын жетекчилиги менен өткөн жыйында кабыл алынды. Вице-премьер-министр бүгүнкү күнү коомчулуктун бүйрүн кызытып жаткан виртуалдык кооптуу оюндар өспүрүмдөрдүн арасына тарап кетпеси үчүн болгон күчтүн баарын жумшоону тапшырды. Султанкулова бул маселеге тартип сактоо кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук кылдат көңүл буруп, алдын алуу чараларын көрүүгө тийиш.

Интернеттеги “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу” деген сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келген. Өткөн жылы мындай оюндардын кесепетинен 15 чакты өспүрүм өз өмүрүн кыйган соң Орусиянын коопсуздук кызматы мындай виртуалдык оюндардын түзүүчүлөрүнүн бири – Филипп Будейкону кармаган.

1-февраль күнү таңга жуук Бишкекте 8-класстын окуучусу 4-кабаттан секирип, көз жумган. Айрымдар баланын өз жанын кыюусу ушундай виртуалдык оюнга кирүүнүн жыйынтыгы болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: