Menu

Тубаса майып Ник Вуйчичтин ийгилик сырлары

Бөлүшүү:

“Колу-буту жок төрөлгөнүн көргөндө ата-энеси катуу депрессияга түшкөн…”

Адамдын ийгиллктүү же ийгиликсиз болуусу бир гана эркинен көз каранды экенин белгилүү оратор Ник Вуйчич өзүнүн аракетчилдиги менен далилдеп келет. Ал төрөлгөндө эле колу да, буту да жок болчу. Бир гана сол бутунун ордуна эки манжасы бар. Ата-энеси жөнөкөй эле катардагы кызматкерлер. Уулу төрөлүп жатканда Никтин атасы көргөн көзүнө ишене албай, дарыгерлерден бир канча жолу эмнеге майып болуп төрөлүп калгандыгын сураган дешет. Бирок дарыгерлер бул генетикага байланыштуу нерсе экенин ага түшүндүрүшкөн. Ошол күндөн тарта Никтин ата-энеси катуу депрессияга кабылышкандыгы айтылып жүрөт.

“Өз өмүрүн кыям деп бир канча жолу аракет кылган”

Бой тарткан сайын өзүнүн башкаларга окшошпогондугу Никти түйшөлдүрө баштаган. 8 жашка чыкканда гана тубаса майып экендигин түшүнүп, катуу стресс алган. Ал бир канча жолу өз өмүрүнө кол салууну ойлонгон жана аракет да кылып көргөн. Бирок ата-энесин азапка салып, ушул жашка чейин майып уулун түйшүк тартып өстүргөнүн сезип, өзүнүн өлүп калганын элестеткенден кийин жанын кыям деген оюнан кайткан.

Ал өзгөчө апасынын колу-буту жок уулун табытка өз колу менен салып буркурап жаткандыгын элестеткенде төбө чачы тик тураары тууралуу көп басма сөз беттерине маек берген.

“Майыптыгына карабай мектепке эл катары барган…”

Никке ата-энеси электрондуу кол сатып беришкен, бирок тилекке каршы, кичинекей балага абдан оор болуп, эч кандай натыйжа берген эмес. Андан кийин ал өзүнүн төрөлгөндө берген сол бутунун ордуна эки манжасын колдонуп жеке өзү тиш жууганды, телефонго жооп бергенди, жадагалса компьютерди иштетип, жазганды үйрөнгөн. Ата-энеси өкмөттөн орто мектепке окууга уруксат алышкан. Баланын классташтары жана теңтуштары Ник менен ойноону каалашкан эмес. Ошондой кыйынчылыктарга карабай болгон күчүн жыйнап мектепке барган. Абдан жакшы окуган, жазганды билген, 7-классында класска башчы болгон. Кичинекей болгонуна карабастан кайрымдуулук акцияларына катышкан, бир гана булар менен чектелбестен сүзгөндү, скейт тепкенди, компьютерди колдонгонду билген.

“Студент кезиндеги биринчи лекция анын атактуулугуна жол ачкан”

Көп убактысында Кудай жөнүндө ойлогон. Ал: «Эгерде мени Кудай ушундай кылып жаратса, демек мен Кудайга ушундай бойдон керекмин», – деп айтып келет. Ник Гриффит университетинин (Griffith University) “финансовое планирование” бөлүмүндө студент болуп жүргөндө, ага студенттердин алдына чыгып лекция окуу сунушу түшөт. Ник студенттерге өз ийгиликтерин кенен айтып берген. Залда отургандардын баары кол чабышып, айрымдары ыйлап жиберишкен. Ал ошол лекциядан кийин эмне менен алектенүүнү түшүнгөн. Тынымсыз аракеттин арты менен жылына 50 лекциясы менен өлкөлөрдү кыдырып, бийик ийгиликтин тепкичине көтөрүлө баштаган. Ал  «Жашоо чексиз» («Life without limbs») организациясынын лидери жана орун басары. Бул организацияны жеке өзү ачкан, ал өзүнүн кебинде адамдарга «Ишеним» керек экендигин баса белгилейт. Н.Вуйчичтин 1-китеби «Жизнь без ограничений”. Бүгүнкү күндө Ник Калифорния штатында жашайт. Үй-бүлөлүү.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: