Menu

Депутат Наталья Никитенко: “Эмнеге Онкологиялык борбордун курулушу токтоп калды?”

Бөлүшүү:

1-ноябрда ЖКда “Ата Мекен” жыйыны өтүп, депутат Н.Никитенко Мамкурулуштун жетекчисинен Жалдагы балдар ооруканасы менен Онкологиялык борбордун курулушу токтоп турганына кызыкты. “Мен күндө өтүп, курулушу токтоп турган имаратты көрөм. Эмнеге мындай?” деп сурады эле, Мамлекеттик курулуштун башчысы Бактыбек Абдиев Онкология жана гематология улуттук борбору менен балдар ооркуканасынын капиталдуу оңдоп-түзөтүүгө 2017-жылы 220 млн сом бөлүнгөнүн, ал иштер бүткөнүн, кийин жаңы имараттын курулушун башташканын, ага 10 млн сом коротулганын, жаңы министрдин келиши менен объектинин курулушу токтоп калганын айтты.

“Прокуратурадан онкология менен ооругандар үчүн имараттар 5 кабаттан ашпоого тийиш деген эскертүү келген. Бардыгын кайра эсептөөгө туура келди, конструкциясын өзгөрттүк. 520 миллиондун ичинен азыр 302 млн сомго муктажбыз”, – деди Абдиев.

Депутат айым булар мамлекеттик маанидеги объектилер экенин белгилеп, бүтүндөй өлкөдөн оорукчал балдар дарылангана келерин, локалдык ооруканалар эместигин дагы бир сыйра айтып өтүп, Каржы министрлигинен каражат бөлүүнү суранды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: