Menu

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул маалыматты Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ырастады.

Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынды. Учурда Казакстандын тиешелүү органдарына эпизоотикалык чыныгы абал боюнча так маалыматты аныктоо боюнча өтүнүч жиберилди.

Коңшу өлкөнүн ветеринардык кызматынын расмий жообуна жараша чектөө улантылат же алынышы мүмкүн.

– Кырдаал толугу менен иликтенгенге чейин убактылуу чектөө киргизилди. Эми казак тараптын расмий жобуна жараша чечим кабыл алынат. Эгер коңшу өлкөдө абал канааттандырарлык болсо чектөө алынат, – деди Садырбекова.

Ошондой эле Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү куш этинде “Ньюкасл” аттуу ылаң табылганы тууралуу социалдык тармактарда таратылып жаткан маалымат чындыкка жатпай турганын жана андай коркунуч жок экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: