Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда оор жүк ташыган “Даф” маркасындагы автоунаа кайрылып жатып, бир кишини коюп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын Жол эреже коопсуздугу боюнча облустук башкармалыгы билдирди.
Ал киши окуя болгон жерден көз жумган. Алган жарааттардан улам, аны таанууга мүмкүн болбой жатат. Күбөлөрдүн айтуусунда, ал автоунаанын дөңгөлөгүнө өзү бой таштаган имиш. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ