Темир Сариев акыркы кездери Убактылуу өкмөт учурундагы санаалаштарына кошула албай, өз алдынча бөлүнүп жүрөт. Президентке да жакын боло элек. Отунбаева баш болгон топ президентке Конституциялык реформага барбагының деп кайрылуу жазганда дагы, Темике ар шылтоону айтып, кайрылууга кол койбой коюптур. Баягы, миллиондор аралашкан жол чырын кантип жабууну ойлоп жүргөндөй. Бир көзү ачык да “Эмне кылаар айласын таппай жатат. Бир туруп чет мамлекетке чыгып кетсемби деп да ойлоп коёт, этият болбосо эки кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн” деп көрөгөчтүк кылыптыр. Өлкөдө саясий кризис түзүлгөн учурда Темикенин үн катпай, коңулга кирип кеткени анын саясаттагы күчтүү лидер экенинен күмөн санатып коёт. Айтчу сөзүн азыр айтып калганы туура болчудай болуп турат.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ