Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабековага депутат Чыныбай Турсунбеков каза болгондон кийин ЖКдагы мандат бош калгандыгын эскертип, кайрылды.
Азыр парламент эс алууда жана жаңы чакырылыштагы шайлоо жакында болуп жаткандыгына карабастан, мандат башка талапкерге берилиши керек.
Өз катында Жогорку Кеңештин Төрагасы “Шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 65-беренесине (депутаттын өлүмүнө байланыштуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө) шилтеме берет.
Бул мандат Баратова Роза Аскеровнага тапшырылышы мүмкүн. Ал учурда Каракол шаардык кеңешинин депутаты.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ