Бишкек шаарында 25-марттан 22-апрелге чейин 1370 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“2020-жылдын 25-мартынан 22-апрелге чейин Бишкек шаарында 1370 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 1248 кылмыштын бети ачылган. Ал эми акыркы сутка ичинде 43 адам коменданттык саатты бузуп, кармалган. Анын ичинен 39у эркек, 4сү аял кишилер. Жалпысынан өзгөчө кырдаалда ар кандай тартипти бузгандыгы үчүн 2362 адам кармалган. Анын ичинен 2052си эркектер, 310у аял кишилер”,- деди комендант.
Ошондой эле Орозалиев Бишкек шаарынын жашоочуларына кайрылуу жасады.
“Урматтуу шаардыктар эртең 24-апрелде орозо айы башталат. Баардык мусулман адамдар бул ыйык айды көптөн бери күтүп жатышкан. Тилекке каршы быйылкы орозо айы коронавирус илдетине байланыштуу карантин убакка туш келди. Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2020-жылдын 30-апрелине чейин өлкөдө коронавирус илдетин жайылтпоо максатында өзгөчө абал киргизилген. Ошондуктан сиздерден суранат элем, өзгөчө абалдын жана карантиндин баардык талаптарын сактап, Кыргыз Республикасынын муфтийи Максат ажы Токтомушев айткандай ооз ачуу жана намаз окуу убактысын үй-бүлөңүздөр менен өткөрүп эшикке чыкпаңыздар. Эгерде коюлган баардык талаптарды аткарып, өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугун эске алып санитардык нормаларды сактасак бул коркунучтуу ооруну толугу менен жеңип, ийгиликке жетебиз”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ