Menu

Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Бул жолу бизде парламенттик шайлоонун таза өтүшүнө да ишеним чоң”

Бөлүшүү:

Дүйнөнү каптаган коронавирус деген жугуштуу дарт, айрым өлкөлөрдө саясый абалды курчута баштады. Бизде да ал сезилип жатат. Мунун себеби бар. Өпкөсүөн кагынган адам дем алуусу кыстала баштаганда, денеде аба таңсыктыгы күчөп, догдурдан жардам ала албай калгандары, бизде биринин артынан бири көз жумуп жатат. Коронавирус деген дарт адамдын жаш – карысына, кадыр – баркына, байлык -бийлигине, наамына – наалатына карабай чекеден жутуп жатканда, кимдир бирөөнүн таламын талашпай, биз болгон чындыкты өлсөк да айтып өлүшбүз керек.

Корановирусту оздуктоодо медиктердин эрдиги бүгүн бизде даңктала баштады. Сөз жок, алар бүгүн күн-түн элге кызмат өтөп, өздөрү да  корановируска четинен кабылып, ал эми айрымдары  көз жумуп да жатышат. Бирок алардын эмгеги эл күткөн натыйжа бербей жатат. Короновирус деген дартка  негизинен этиятыкты сактабаган адам кабылары бышык. Ошондуктан коронавирус күчөп жатканда, этиятыкты баарыбыз сактоого умтулушубуз керек. Бирок ар бир адам өзүнүн жана үй- бүлөсүнүн жашоосуна кам көрүш үчүн коронавирус малында деле нары-бери кыймылдоого, башка адамдар менен жолугууга, ар кандай маселелерди чечүүгө мажбур болууда.  Мунун баары коронавирусту жуктуруп алууга же башкаларга жуктурууга шарт түзүшү шексиз.  Ошондуктан медицина кызматы корановирус менен күрөшкө даяр турушун ошол тармакты жетектеген инсан камсыз кылышы керек болчу. Тилекке каршы, коррупция деген балээ буга катуу бөгөт болду. Сөзүм кур болбос үчүн далил келтирейин.

Медицина тармагы бизде сыркоо адамды айыктыруу үчүн эмес, дарылоо үчүн эле кызыктар экени коронавирус учурунда дагы бир жолу айкынга чыкты. Мунун жүйөлүү себеби бар.  Бул тармак биздин өлкөдө эки башка саясатты тутунган, эки башка бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктүн тутунган саясаты дарылоо болсо (клиника, больница), экинчисники чылгый соодагерлик (аптека). Дарыгерлер оорунун диагнозун эле эмес, оорукчал адам кандай дарыны сатып алышынан өйдө аныкташкандыктан, дарыгер менен соодагердин ортосунда табакташтык жаралып, дарыгерлер үчүн бейтап адамдардын айыгуусу эмес, алардын дары сатып алуусу безде маанилүү болуп калган. Ошонун кесепетинен биздин өлкөгө корановирусту ооздуктоо үчүн сырткы донорлордон келген каражат, жасалма дем алдырчу аппараттарды сатып алууга эмес, дары сатып алууга сарпталды. Андай аппараттардын жетишсиздигинен биз күн сайын 50 дөй боордошторубуздан айрылып жатканда, баасы бүгүн 100 эсе кымбаттап кеткен антибиотиктер жашыруун кампалардан чыгып жатат. Эгер дарыгер өзүнүн соодагер табакташына ишаарат кылбаса, соодагер кымбаттай турган мындай дарыларды алдын ала сырттан ташып келип, кампаларына тыкмак эмес. Дарыгер менен соодагердин мындай былыгынан боордошторубуздун өмүрүн бүгүн корановирус чалгыдай кыйып жатат. Эгер бул былыкка укуктук баа берилбесе, бийликтин өзү да аларга табакташ дегендей туюлуп, бийликке болгон нааразычылык элде курчуганы турат.

Коронавирус бизде боордошторубуздун өмүрүн чалгыдай кыйып жатканда, youtube каналдарынан айрым саясатчылар тынбай сайрап, корановирус учурунда кирешесин жоготкон боордошторубузду алар Президентибиз С. Жээнбековко каршы козутууга далалат кылып жатышат. Күзүндө боло турган парламенттик шайлоону артка жылдырууну алардын талап кылганына баам салган адам, бул шайлоонун эле «шайтан ойуну» экенин оңой түшүнөт. Себеби биздин өлкөдө шайлоону   конституция чектеген мөөнөттө гана Президент өткөрүүгө милдетүү. Ал муну бузса, конституцияны бузган болуп, Президентке импичмент жарыялоого жол ачылат. Конституцияны бузбай, ошондуктан С. Жээнбеков шайлоону конституция чектеген гана мөөнөттө өткөрүшү керек.

Парламенттик шайлоону артка жылдыруунун талап кылуусунун дагы бир себеби бар. Бийликтин акырынан Атамбаев учурунда жем жеп көнүп калган ошол саясатчылар, мурда Атамбаевтин колдоосуна таянып парламенттин курамына киришкен. Атамбаев биздин өлкөгө саясый куугунтукту, коррупцияны таңуулаганда, алар ошондуктан ооздоруна суу куюп, тымтыйып отурушуп, элге жаман көрүнүп, келерки шайлоодо өздөрүнүн парламентке кайра шайлануу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышкан. Бүгүн алар С. Жээнбековду канчалык  каралашса да, аларга эч ким ишенбейт. Мунун мындай жүйөлүү себеби бар.

Ишинде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр байкалса да, өз элине, өлкөсүнө С. Жээнбеков ак ниети менен кызмат кылып жатканын эл көрүп турат. Айыл жергесин өнүктүрөм,  санариптештирүү жана адам укугун сыйлоо жолу менен өлкөнү коррупциядан тазалайм деп, ал колун мамлекттин казынасына салбай таза иштеп жатканын эл көрүп турат. Ошондуктан  С. Жээнбековдун колдоосу карапайым элдин ичинде абдан күчтүү. Коронавируска каршы күрөш азырынча ойдогудай жыйынтык бербей жатса да, ал кемчиликтерди элден жашырбай, күнөөкөрлөрдү сурактан калкалаган жок. Ошондуктан корановирусту тескеген вице-премьер министр, министр жана башкалары бүгүн биринин артынан бири тергөөгө суракка чакырылып, алардын ишмерсиздигине,  былыктарына укуктук баа бериле турган мезгил бизде жакындап калды. Ошондуктан ыгы жок С. Жээнбековду каралагандын оордуна, ошол  парламентке жутунган айрым саясатчылар, корановирус кычап турганда, өз мүмкүнчүлүгүнө ылайык корановирустан жабыркап жаткан боордошторуна кол кабыш кыла берсе, шайлоодо алар элдин колдоосун  өздөрүнө көбүрөк бурушмак.

Бул жолу бизде шайлоонун таза өтүшүнө да ишеним чоң. Ошондктан кырктан ашык саясый партия бүгүн ушул күздө боло турган пардаменттик шайлоого катышууга бел байлашты. Эгер парламенттин жаңы курамы, С Жээнбековдун саясатын колдой турган курам болсо, анда биздин өлкөдө саясый туруктуулук чыңалганы турат. Ошондуктан бул максат ишке ашыш  үчүн, мыйзам чегинде Президент да бул шайлогоо көз кырын салса ашык болбойт деп ойлойм.

Мамбетжунус Абылов, экс-министр

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: