Menu

Турмуш мага каарын салганын кое элек…

Бөлүшүү:

“Ата-энемдин каршы болгонуна карабай турмушка чыктым”

Атам-апам инилеримди, мени абдан асырап өстүрүштү. Орус мектептен тарбия алдык. Борборго алып келип И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине тапшыртышты. Ал жакта жарым жыл окугандан кийин бир жигит менен таанышып калдым. Ал абдан тың бала эле. Дароо эле колумду сурап, баш кошууну сунуштады. Атам-апамдардын каршы болгонуна карабай турмушка чыктым. Төрөп үйдө отуруп калганда окуумду уланта албай таштап койдум. Жолдошум багат деген ой менен окуудан чыкканыма деле өкүнгөн жокмун. Ал күнү-түнү иштейт, жатаканада турабыз. Искусство институтунда билим алаар эле. Кесиби музыкант болгондуктан элге таанылуу аракетинде эле чуркап жүрчү. Той-топурга барып акча таап келип бизди багып жүрдү. Ал кезде азыркыдай жайнаган ырчы жок, бир-эки эле жаштар аябай атактуу болуп турган кездери.

“Жолдошум өнөр адамы болчу, атактуу болом деп көп аракет кылды”

Балам чоңое баштаганда айылга апама берип, кошо жарышып иштөөгө өттүм. Ал кезде фотоаппарат эч кимде жок, азыркыдай ар бир адамдын колунда телефон жок учур эле. Кытайдан фотоаппарат алдырып үйлөрдү кыдырып сүрөткө тартып, эртеси чыгарып алып сүрөттөрүн таратып иштей баштадым. Чакан бизнесибиз акырындан өнүгө баштады. Жыргап-куунап эле ичкен-жегенибиз кенен жашап калдык. Жолдошум улам жаңы ырларды жаздырып радиолорго берип жүрдү. Акыры бир ырына жакшы клип тарттырып, тез эле атактуу болуп кетти. Алып баруучулук жөндөмү да күчтүү болгондуктан тамадалык өнөрдү да аркалай баштады. Тынымсыз гастролдор, концерттер, айтор үйүбүздөн киши өксү болбойт…

“Апамдан айрылган кезде жолдошум таштап кетти”

Күндөрдүн биринде суук кабар уктум. Апам кокусунан эле кайтыш болуп кетти. Боздоп ыйласам да апам байкуш ойгонгон жок. Уулумду колубузга алдык. Бир топ өксүп жүрүп топурак суутуп, демимди басты. Жолдошум болсо атактуу болгон сайын кыялы өзгөрүп, үйгө да көп келбей, айтор өзгөрүп кетти. Күйөрмандары үйгө чейин ээрчип келип алган адат тапты. Үйдө билинбеген менен ызы-чуу күчөй берди. Бир саамга да тынч отура албай урушчу болдук. Акыры урушубуздун себеби эмне экени ачыкка чыкты. Жолдошум башка адамды сүйүп калгандыгын, анысы кош бойлуу экенин айтты. Асманымды бирөө таштап ийгендей эс-мас боло түштүм. Айылга кетейин десем энем жок. Өз алдымча батирге чыгып кеттим.

“Жалгыз уулум да сейрек кездешүүчү оору менен жабыркап жатат…”

Окуумду аягына чейин окуп алсам эле иштен кыйналбайт элем го. Улам бир тигүү цехине кирип тигүүчү болуп иштей баштадым. Бала менен батирден батирге көчүү абдан оор. Жолдошум уулуна жардам берип келип калчу. Бирок мамилебиз таптакыр оңолгон жок. Ал өз турмушун куруп кетти. Мен болсо жалгыз кала бердим. Бир туугандарым мага жардам бермек түгүл өз жандарын араң багышаар эле. Ошол бойдон турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элекмин. Эми баары аз келгенсип уулум бойго жетип, мага жардамы тиерде ооруп калды. Бул оору менен миң адамдын бири гана ооруй турган сейрек кездешүүчү муундун оорулары экен. Учурда жалгыз уулума каражат чогултуп чуркап иштеп жүрөм. Өмүр бою Бишкекте жашап, бир кичинекей батирлүү боло алган жокмун. Азыр менин башкы максатым уулумду дарылоо…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: