– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби?
– Мамлекет башчысы коопсуздук кеңешин өткөрүп, абдан маанилүү орчундуу маселелерди көтөрдү. Өзгөчө күч органдардын, соттордун жана чиновниктердин арасындагы коррупция өнүгүп абдан күчөп кеткенин белгилеп, өзүнүн талаптарын кабыргасынан койду. Көптөн бери эл күтүп жаткан сөздөр айтылды. Жаңы үмүт жаратты. Менин оюмча, 2-3 айда эле бул иштин натыйжасы көрүнүп калат. Канчалык президенттин айткан сөзү менен жасалган иши дал келет. Биздин коом абдан саясатташылган, маалымат бат жетип турат. Баарын убакыт көрсөтөт.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ