Борборубузда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ушундай кыйын учурда шаардыктарды колдоо үчүн ишкерлер, кайрымдуу адамдар кол сунуп, жардам берүүдө. Бул тууралу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Кечээ, 17-июлда Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан “Салтанат” тойканасында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардам, ийне, тамчылатып дары жана медициналык кеңеш ала алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ