Menu

Садыр Жапаровдун жакындарына сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан боштондукка чыкты. Мындай чечимди 5-сентябрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарганын Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, уулу Рустам Жапаров, жакын тууганы Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Жаңыбай Жеңишбеков жана Адылбек Исаев бир жылдык сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу кесилишти.

Сот орусиялык жарандар Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эрланбек Тагаевдин ар бирин төрт жылдан күчөтүлгөн абакта жазасын өтөө боюнча өкүм чыгарды. Мурда соттолгон Чыңгызхан Кожогелдиев сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган.

Аларга Кылмыш кодексинин 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) жана 174 (башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) беренелери боюнча айып тагылган.

Ал эми 25-мартта камакка алынган Садыр Жапаровго райондук соттун өкүмү буга чейин эле чыккан. Биринчи май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, “Кумтөрдү” улутташтыруу талабы менен 2013-жылкы нааразылыктар учурунда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга Жапаровдун тиешеси бар. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Учурда анын иши шаардык сотто каралууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: