Казакстандын жараны “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп Алымжан Хасанов аттуу казак жарандыгы бар адам дайындалган.
“Кыргыз темир жолу” – чоң стратегиялык мааниге ээ ишкана. Ал жерде башка өлкөнүн жаранын ким жана кандай жол менен кызматка дайындаганын Транспорт жана жолдор министрлиги иликтеп, жооп бериши керек” –деп билдирген эл өкүлү.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык, бөтөн өлкөнүн жараны болуп эсептелген адамдар Кыргызстанда мамлекеттик органдарда, же мамлекеттик ишканаларда жетекчилик кызматта иштей албайт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ