Menu

Видео – Эки жашар баласын ичке көмөлөтө тепкен атаны сот кылмыш жоопкерчилигинен бошотту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-январда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту туралбай жерде жаткан 2 жашар баласын ичке көмөлөтө тепкен Сокулук районунун Мамкаттоо кызматынын начальнигинин мурдагы орун басары Бариер Адиевди кылмыш жоопкерчилигинен бошотту.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир ай мурун, 2-декабрда Бишкек шаарынын “Улан-2” кичирайонунда 50 жаштагы Бариер Адиев 2 жашар уулун сыртта сейилдетип жүрүп, тайгаланып жыгылып туралбай калган уулун ичке көмөлөтө тепкен. Муну видеого тартып алган жарандар социалдык тармактарга жайылткандан кийин милиция Бариер Адиевди кармап, кылмыш ишин козгоп, соттун чечими менен тергөө бүткөнчө деп 2 айга абакка алган.

Бариер Адиевдин жубайы баласын тепкен күйөөсүнө каршы арыз жазып, укук коргоо органдарынан жоопко тартууну суранган. Аны менен ажырашарын билдирген. Бирок көп өтпөй эле күйөөсүнө доосу жок экеннин билдирип кайра тосмо арыз жазып берген.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бариер Адиевди Сокулук райондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары кызматынан бошоткон.

Сот Бариер Адиевге эч ким доо арыз бербеген деген негиз менен аны бүгүн кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотту.

https://www.youtube.com/watch?v=NnjXlrQFJog

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: