Учурда билим берүү системасы артка кеткенин айылдагы кары-картаңдар да түшүнүп калды. Бир мекемеде бөлүм башчы же мектепте завуч болуп иштебеген Элвира Сариева агартуу жагын сазга батырды го. Университеттеги, мектептердеги атмосферадан алыс, мугалимдердин көйгөйүн укпайт. Жадагалса күйүп аткан иштери турса да ректорлорду кабыл албайт экен. Өзүңөр көрүп аткандай, улам бир окуу жайдан чыр чыгат. А Элвира айым болсо больничныйга чыгып кетип, көйгөйлөргө кол шилтегендей мамиле кылганы кандай? Мурда агартуу кызматында бир күн иштебеген, болгону бейөкмөт уюмдарында «обон созгон» айымды качанкыга чейин аздектеп отурабыз? Кызык, иштей албаса, профессионалдуу адистиги жагынан аксап атса, кетпейби кызматынан? Чоектогондун да чеги болбойбу?!
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ