Menu

Элчи Эдил Байсалов: “Чолпон Идиновна, мен сизди сыйлабайм! Ким менин элимди бөлүп-жарса, ал – менин душманым”

Бөлүшүү:

Эки күн мурда экс-депутат Чолпон Жакупова соцтармактарда түндүк-түштүк маселесин кызыткан постту бөлүшө коюп, Улуу Британиядагы элчибиз Эдил Байсаловдун сын бутасына айланган. Ага жооп катары экс-депутат айым “Байсаловду маңкасы куюулуп келгенде, колдодум эле” деп ички күптүсүн айткан эле. Сөздү жоопсуз калтырбаган элчи өзүнүн Facebook баракчасына 19-декабрда кайрадан жообун бере салды:

ТҮШТҮК-ТҮНДҮК БӨЛҮНҮҮГӨ КАРШЫ

Чолпон Жакуповага кат

Биринчиден, кечээги текстти сиз жаздыңыз деген эмесмин. Сиз бөлүшкөнсүз. Ал постко жазган пикиримде, сиз аны таратып жатканыңызды жазгам.

Эми болсо, сиз атайын кызматтардын көңүлүн бурдуруу үчүн бөлүшкөнүңүздү айтып жатасыз. Ошол эле учурда сиз мени сөз ташыган “стукач” атадыңыз, бирок аны сиздин абийириңизге койдум.

Анда мындай, Чолпон Идиновна, терс пикирди билдирбей туруп, материалды соцтармактарда жайылтуу – ал постко макул болууга жатат.

Бир күн мурда мага сиздин “тепсендиде калганга даярдана бергиле, бечара, аркалыктар” деген пикириңиздин скринкөчүрмөсүн салышкан. Ошондуктан Бишкекте түш чен, ал эми Лондондо таңкы 6 болгондо, сиздин лентаңыздан провокациялуу постту бөлүшкөнүңүздү окуп калдым, Сиздин бечара-аркалыктар жөнүндө жазганыңызга ишенбей турганымды айтып, өз оюмду билдирдим: бирок сиз азыр түндүк-түштүк жөнүндө чаңызгыткан нерсени ТАРАТЫП жатасыз. Муну кандай кабыл алышым керек,  билбейм”- деп жазгам.

Сиз “кабыл албай эле кой” деп жооп бердиңиз да, мени блокко тыгып салдыңыз.

Сиз эмнеге бул фейкти жарыялаганыңызды түшүндүрбөдүңүз, бул көйгөйгө көңүл бурдурайын дедиңизби,  же каршысызбы, сындайсызбы, макулсузбу ж.б.у.с. Сиз оюңузду билдире алмаксыз, бирок мени блокко салдыңыз.

Экинчиден, эми менин маңкам куюлуп жүргөнү боюнча. Мен эч качан сизди укук коргоочу катары кабыл алган эмесмин, анткени чыныгы укук коргоочу эч качан,  кандай шарт болбосун, кылган жардамын колко кылбайт. Муну сиз мага карата биринчи жолу жасап жатканыңыз жок. Болгондо да, эч бир негизсиз.

Буга өзүм да күбө болгом, сиз өзүңүздүн укуктук көмөгүңүздү бирөөгө сунуш кылып алып, башкаларга “жок” деп коесуз, ал учурда жеке каалооңуздун, саясый абалдын жана көрө турган пайданын жетегинде каласыз.

Мен Сизди сыйлабайм. Начар киши экениңизди, болбогон нерсени көтөрө чапканыңызды, чымынды пилге айлантып жибергениңизди, өзүңүздү абдан жакшы көрөрүңүздү бир нече ирет көрдүм. Муну мен жакшы билем, башка саясатчылардын деле эсинде. Мындай нерсе унутулбайт. Алардан айырмаланып, бетине башканы, артына башканы сүйлөгөндү билбейм. Ошондуктан, кечирип коюңуз, сизди жактыргандардын клубуна тиешем жок. Сизде позиция жок, платформа жок, ишеним жок. Сизге эл суктанып турса болгону, мындай нерсе бир күн менен, хайп менен, көл-шал эмоция менен жашайт, тукуранып туруп алганы менен жарандык позицияны айырмалай албай калат.

Анан мени “акчанын кулу болду”, “сыноодон өтө албады” деп айтып коюш каакы ордуна арзыбайт.

Кайрадан бардыгын өз абийириңизге койдум. Сиз кызыл тилди кайрап коюш үчүн кылжип менен бууп койгондордон экенсиз. “Эң чынчыл” деген жарлык сизге жетишпей калгандай. Жок! Сиз “жападан жалгыз чынчыл” болгуңуз келгени көрүнүп эле турат.

Бир нерсени эстеп кеттим. Сиздин “кыйратканыңыз” үчүн эмес. Болгону болгон нерсени белгилеп коеюн. Ушул жайда бир депутат, менин элчиликке болгон талапкерлигим каралып жатканда, айтты эле, Сиз мен жөнүндө жылуу пикир айтып, “ишти алып кетет” деген экенсиз.

Учуру келгенде, баса белгилей кетейин, керек болсо сиз мени “элчиликке сунуш кылгам” деп чыгышыңыз да мүмкүн.

Эми эң башкысы тууралуу.

Ким менин элимди бөлүп-жарса, ал – менин душманым.

Кыйраткан иштерине да карабайм.

Эң башкы душманыбыз – коррупция эмес, таш ыргытсаң – “көзүңдү көрсөт десең, мурдун көрсөткөндөр” эмес, артта калгандык эмес, жакырчылык эмес.

Алар – ашканада балдары менен олтуруп алып, же жумуштан кесиптеши менен кобурашып, же соцтармактарда акыл үйрөтүп, бири-бирибизге жек көрүүнү туудуруп, жек көрүүнү жаратып жаткандар.

Алар – ким кайдан чыкканын чыпчыргасын коротпой, бардыгын саресепке салып жаткандар.

Алар – Чолпон Жакупова сыяктуу, жазбай туруп, бирок терс көрүнүштөргө пикирин айтпай, аларды таратып жаткандар.

Биздин калган көйгөйлөрүбүз (коррупция, иштин көзүн билбегендик, жакырчылык) – дал ушул бөлүнүүдөн келип чыгат.

Болуп өткөн кайым айтышуу башкаларга сабак болор деген үмүттөмүн.

Айта турган жообум ушул.”

Текстти орусчадан кыргызчага оодарган KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: